Өзүм тууралуу

Nurlan Kydykov

Өзүм тууралуу жаза турган болсом, карапайым эле кыргыздын уулумун. Ашып-ташкан байлыгым деле жок. Ошондой эле таптакыр мукурап калган кедей эмесмин. Өзүмдүн кесибимдин аркасы менен оокатым өтүп жатат. Бул блогду ачуудагы максатым – эл катары оюмду, максат-мүдөөлөрүмдү, коомубуздагы көйгөйлүү маселелер тууралуу жалпы коомчулук менен бөлүшүү.

Дагы кошумчалай кетсем, улутубузду улут катары таанытып турган тилибизди, башка улуттардан айырмалап турган каада-салттарыбызды, адеп-ахлакыбызды жана тарыхыбызды жаштар арасында кеңири талкуулап, пикир алмашуу да негизги максаттардын бири.

Албетте, жогоруда сөз кылган маселелер тууралуу башка авторлордун бөлөк ресурстарга жарыяланган резонанстуу макалалары да менин блогумдан орун тапмакчы жана аларды колдогон, ошондой эле каршы ой-пикирлер да убагында жарыяланмакчы.

Жалаң эле макалалар орун албастан, таланттуу калемгерлердин ырларына, чакан аңгемелерине да орун берилет жана алар коноктордун көңүл буруусуна арзыйт деген ойдомун.

Leave a Reply

Your email address will not be published.